Дата маалыматтар тууралуу мыйзамдар
Сабактын кыскача мазмуну: Бул сабактан сиз маалымат алуу үчүн мамлекеттик мекемелерге суроо-талап кантип жазыларын билесиз.
Сизге керек маалымат ачык булактарда жок болсо, анда аны маалыматка жетүү мыйзамынын алкагында легалдуу түрдө алса болот. Бул мыйзамга ылайык, ар бир жаран мамлекеттик органдардан жана өзүн өзү башкаруу органдарынан маалымат ала алат. Мамлекет муну “болушунча маалыматтык ачык-айкындуулукка; мамлекеттик жана өзүн өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгына” жетүү үчүн ишке ашырат.
Суроо-талап жазуу – маалымат алуудагы маанилүү курал. Биринчиден, сизде мындай укук бар экенин унутпаңыз. Экинчиден, аны сөзсүз колдонуңуз. Үчүнчүдөн, маалымат берүүдөн баш тартып жатышса, сиз аргумент келтире алышыңыз керек.
Суроо-талапты кимге жазабыз?
Маалымат тууралуу суроо-талап оозеки же жазма түрүндө мамлекеттик же жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына жиберилет. Сиз кандай формада сурасаңыз, жооп да ошондой келет. Андыктан биз суроо-талапты документ түрүндө жазып жиберүүнү сунуштайбыз. Ошого карабай, сиз суроо-талап жибергени жаткан мекемеге алдын ала чалып, айрым жагдайларды тактап алсаңыз ашыкча болбойт. Мисалы, сизди кызыктырган маселеде маалыматтарды чогултушабы, маалымат кайсы категорияларда жана кайсы жылдан бери бар, маалымат чогултуунунун методологиясы кандай жана суроо-талапты кимдин атына жиберүү керек.
Суроо-талапты кантип жазуу керек?
Келгиле, суроо-талапты туура жана так жазганды үйрөнөбүз. Сиз радиация тууралуу материал жасаганы жатасыз дейли.
Начар суроо-талап | Мыкты суроо-талап |
Миң-Куштагы радиация деңгээли тууралуу маалымат берүүңүздү өтүнөм. | Кыргызстандын аймагындагы ченелүүчү объектилердин ар бириндеги радиация деңгээли боюнча 1990-жылдан 2016-жылга чейинки маалыматты Excel форматта берүүңүздү суранабыз. Ошондой эле радиациянын жол берилген нормалары тууралуу маалыматты сурайбыз. |
Тапшырма: Сиз толук эмес үй-бүлөлөр тууралуу материал жасап жатасыз. Маалымат алууга күчтүү суроо-талап жазып көрүңүз.
Начар суроо-талап | Күчтүү суроо-талап |
Баткендеги жалгыз бой энелер тууралуу маалымат берүүңүздү өтүнөм. | ? |
Эсиңизде болсун, сиз өз суроо-талабыңыздын себебин түшүндүрүүгө милдеттүү эмессиз – мыйзамда ушундай айтылат. Ошондой эле сиз сөзсүз түрдө ММК же башка уюмдун өкүлү болушуңуз шарт эмес жана суралып жаткан маалыматты эмне кыларыңызды түшүндүрүүнүн кажети жок.
Суроо-талапты өз атыңыздан жана уюмдун атынан жиберсеңиз болот. Эгер сиз журналист болсоңуз жана иликтөө жүргүзүп жатсаңыз, суроо-талапта сиз бул маалыматтар кандай материал үчүн керек экенин көрсөтүшүңүз шарт эмес, ал редакциянын ички иши бойдон калса болот.
Суроо-талап жибергенден кийин эмне кылуу керек?
Суроо-талабыңызга эки аптанын ичинде жооп келиши керек. Бирок сиз катты жиберериңиз менен аны алган бөлүм менен байланышып, суроо-талап кабыл алынганын текшерип, каттын кирүүчү каттоо номерин тактап коюңуз.
Кийин кайрылганыңызда өз суроо-талабыңыздын номуруна шилтеме бере аласыз. Баса, суроо-талап кийин башка органга жөнөтүлсө, эки апталык мөөнөт кайра башынан эсептелет. Андыктан катты эртерээк жиберүү сиздин кызыкчылыгыңызда, экинчиден, сизге керек маалымат кайсы мамлекеттик мекемеде бар экенин алгач тактап алан оң. Ошондой эле сиздин суроо-талап боюнча бардык кат алышууларды белгилеп жүрүңүз.
Нуска көчүрмө, почта кызматтарын эске албаганда, жарандардын жана уюмдардын суроо-талабына маалымат акысыз берилет.
Маалымат берүүдөн баш тартышса эмне кылуу керек?
Жөн жерден эле сизге маалымат берүүдөн баш тартышы мүмкүн эмес! Эгер сизге маалымат берүүдөн баш тарткан кат келсе, анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына так шилтеме берүү менен негиздеме жазылышы керек, ошондой эле катта маалыматты берүүдөн баш тартуунун үстүнөн даттануу жолдорун жана тартибин да көрсөтүшү керек.
Айрым мамлекеттик маалыматтарга чек коюлганын билүү шарт. Ал улуттук коопсуздукту, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын, башка жарандардын укук жана эркиндиктерин коргоого байланыштуу маалыматтар болушу мүмкүн. Адатта бул бардык жашыруун маалыматтар, мыйзам менен корголгон мамлекеттик сырлар, ыкчам-издөө ишмердүүлүгүн жана жеке мүнөздөгү маалыматтарга тиешеси бар жагдайлар болот.
Бирок жеке мүнөздөгү маалымат жеткиликтүү болуш үчүн аны анонимдештирип койсо болот. Статистика дал ушундай принцип менен жарыяланат – ысымдарсыз жана жеке идентификациялык номурларсыз, бирок анда анализ үчүн керек маалыматтар сакталат. Мисалы, жынысы, жашы, аймагы. Эгер сиздин суроо-талапка жеке мүнөздөгү маалымат деген негиз менен жооп бербей жатышса, анда керектүү датаны алуу үчүн ушул аргументти пайдаланыңыз. Бул иштейт, биздин текшерүүбүздөн өткөн.
Маалымат берүүдөн баш тартуусу же мамлекеттик органдардын аракетсиздиги “Административдик ишмердүүлүк жана административдик процедуралар” мыйзамынын негизинде даттанууга жол берет. Кээде биз ушул укук тууралуу эскертүү менен маалымат ала алганбыз.
Көңүл буруңуз: эгер сиз маалымат алуу боюнча өз укуктарыңыз тууралуу толук билгиңиз келсе, 2016-жылдын 28-декабрындагы №213 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен таанышыңыз.