Дата тууралуу кантип жазуу керек
Сабактын кыскача мазмуну: Бул сабактан сиз окуяларды жазганда кандай датаны кантип колдонсо болорун жана мындай окуялардын артыкчылыгы эмнеде экенин биле аласыз. Баянды кантип жазуу керектигине да токтолобуз.
Салам, жумуштарың кандай?
Көпчүлүк баарлашуу ушинтип башталат. Сиз ага жооп кылып күнүңүз кандай өткөнүн айтып берсеңиз болот же жаңылыктарыңызды бөлүшөсүз, болбосо сизди түйшөлткөн маселеге токтолосуз, кыскасы, жашооңузда эмне болуп жатканынан кабардар кыласыз.
А өлкөбүздүн иштери кандай? Сиз ушул саптарды окуп жатканда эмне болуп жатат? Сөз баштоого бизге дата жардамга келет. Эгер азыр таң эрте болсо, өлкө ойгонуп жатат, жүздөгөн үйлөрдө дасторкон жайылып, чай үстүндө отурушат. Кандай даталар бар? Мисалы, облустар жана жаш куракка карап калориянын суткалык көлөмү жана колдонулган азыктардын саны. Мында кандай окуялар жашырылган? Алсак, кайсы облустарда курсак жакшы тойбойт, биз этти көп жейбизби, дегеле биз эмне менен тамактанабыз?
Ушул жана башка ондогон суроолор бир адам эмес, адам топтору, коом, өлкө эмне болуп жатканын түшүнүүгө жардам берет. Муну сүрөттөө аракети – датага негизделген сторителлинг. Бул канчантан бери маанилүү болуп калган?
- Адамзат датаны чоң көлөмдө жараткандан бери – телефондон, интернетте же жөн эле жашоосунда өз кыймыл аракети менен социалдык, гендердик, эмгек статистикасын жаратат;
- Ал статистика мыйзам жүзүндө мамлекетттик органдарга гана эмес, жарандарга да ачык маалыматтар түрүндө жеткиликтүү болгондон бери;
- Ошол даталарды башка өлкөлөр же доор, БУУнун Туруктуу Өнүгүү Максаттарынын стандарттары жана нормалары же дагы башка көрсөткүчтөр менен салыштыруу мүмкүнчүлүгүн алгандан бери.
Ошондон бери адамдар жөн эле окуяларды эмес, датага негизделген окуяларды айтып келишет. Мисалы, төмөндөгүдөй окуя:
Бул макаланын үстүндө иштеген журналисттер датадан бир тенденцияны байкашкан: жакыр үй-бүлөлөрдөгү балдар бардар жашаган үй-бүлөлөрдөгү балдарга караганда ЖРТдан сейрек учурда гана өтө алган. Авторлордо кедейчиликте жашагандар эмне үчүн ЖРТдан жыгылып, жогорку окуу жайга өтө албай калат деген суроо туулат. Буга сиз өз алдыңызча жооп берип көрүңүз. Төмөндө жооптордун бир нече варианты бар, алардын бирөөсү туура.
- Алар чет өлкөгө акча тапканы кетүүнү көздөшөт, ошондуктан ЖРТдан өтө алышпайт
- Тестирлөө үчүн байыраак үй-бүлөнүн балдарын тандап алышат
- Алар жумуштан улам сабакты көп калтырышат жана окуу китептери жетишсиз
- Статистика боюнча жакыр үй-бүлөлөрдөгү окуучулар сабатсыз
Туура жоопту билерден мурда журналисттер өз оюн далилдөө үчүн колдонгон даталарды карап көрүңүз.
- ЖРТнын аймактар боюнча жыйынтыктары
- Жакырчылыктын аймактар боюнча көрсөткүчтөрү
- Мектепке барбаган балдардын аймактар боюнча саны
- Үй-бүлөнүн кирешесине жараша билимге сарптаган акчасы
Бул даталарды алар бири-бири менен айкалыштырышкан. Мисалы, аймактар боюнча ЖРТ жыйынтыктары менен жакырчыктын деңгээлин бириктирген. Салыштырмалуу жакыр облустар – Ош, Жалал-Абад, Баткендеги бүтүрүүчүлөр жалпы өлкөдөгү орток бүтүрүүчүгө караганда ЖРТдан көбүрөк жыгылышат. Жакыр облустагы дээрлик ар бир экинчи окуучу тесттен өтпөйт.
Мектепке барбаган балдар жана билимге коротулган чыгымдар тууралуу даталар макалада кантип колдонулган?
Ошентип, журналисттер жакыр үй-бүлөлөрдөгү балдар жумуштан улам сабакты көп калтырарын жана китептери жетишсиз экенин далилдешти. Андыктан аларда ЖРТны жакшы упайга тапшыруу мүмкүнчүлүгү азыраак.
Журналисттер кедей үй-бүлөлөрдөгү балдарда ЖОЖго өтүү мүмкүнчүлүгү аз экенин далидеген соң, абалды кантип өзгөртсө болот деген суроого варианттарды сунуштаса болот.
Журналисттер сунуштаган маселени чечүү жолдорун табыңыз.
Ошентип, журналисттер ушул тапта өлкөдө билим берүү тармагында эмне болуп жатканын айтып беришти. Маанилүү окуя жаралды, анткени алар жакыр үй-бүлөлөрдөгү балдарда өз жашоосун жакшы жакка өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк аз экенин, билим аларга келечекке жол боло албасын далилдешти. Даталар аларга эмне үчүн керек болду? Объективдүү бойдон калып, анык бир окуя эмес, бүтүндөй көрүнүш жөнүндө айтып берип, системалуу адилетсиздикти тастыктоо үчүн. А сторителлингдин ыкмалары– байланыштыруучу текст, каармандын, визуалдаштыруунун болушу негизги ойду окурманга жеткирүүгө жардам берди. Дал ушул нерселерди биз курс аягына чейин үйрөнөбүз. Дата дүйнөсүнө кош келиңиз!