Расмий маалымат булактары
Сабактын кыскача мазмуну: мында расмий маалымат булактарына токтолобуз.
Расмий булактардан маалыматтарды алуунун негизги жолдору:
1. Дата маалыматты издөө – буга чейин жарыяланган маалыматтарды издөө жана табуу.
2. Маалыматты скрейпинг кылуу – кээде маалыматтар веб-сайтка чыгат, бирок жүктөп алууга шилтемеси жок. Бул маалыматты “скрейпинг” жардамында алабыз.
3. Маалыматты суроо-талап аркылуу алуу (буга кийинки сабактардын биринде кеңири токтолобуз).
Дата маалыматтарды коомдук колдонуу үчүн кимдер жарыялашат?
Өкмөт. Акыркы жылдары көптөгөн өлкөлөрдүн өкмөттөрү ачык маалыматты колдоп чыгууда. Бир катарында атайын өкмөттүк маалыматтык порталдар түзүлүп жатат. Мисалы, Улуттук статистикалык комитет көп ачык маалыматтарды жарыялайт. Мындай порталдар мамлекеттердин басымдуусунда бар.
Уюмдар. Башка маалымат булагы болуп ири уюмдар саналат. Мисалы, Дүйнөлүк банк жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму отчетторду, дата маалымат топтомдорун тынбай жарыялап турат.
Илим. Көпчүлүк илимий долбоорлор жана мекемелер өздөрү маалыматтарды жаратат, алардын айрымдарын илимий жамаат үчүн жана кеңири коомчулукка жарыялашат.
Бул толук тизме эмес. Дата маалыматтарды банктар, корпорациялар, мобилдик операторлор … жана башкалар жарыялышы мүмкүн.
Адамдардын маалымат табышын жеңилдетүү үчүн Open Access Directory, Open Data Inception же Datahub сыяктуу ачык дата базалар түзүлгөн. Бул дата булактарынан жана ар кайсы булактардан алынган маалымат топтомдорунун китепканасы.