Маалыматты издөө
Сабактын кыскача мазмуну: Бул сабактан сиз Google`да кеңейтилген издөөнү кантип колдонсо болорун билесиз.
Санариптик технологиялар абдан бат өнүгүп жаткан ушул заманда мурда болуп көрбөгөндөй көп маалыматтар бизге жеткиликтүү болуп калды. Миңдеген сайттар бизге пайдасы тийчү маалыматтарды жарыялашат, бирок аны табуу кээде кыйынчылык жаратат.
Бул модулда биз интернетте – адистештирилген сайттарда жана издөө системаларында маалыматтарды издөө жолдорун карайбыз. Ошондой эле бизге керек маалыматтар жеткиликсиз болгондо эмне кылса болорун, краудсорсинг же сенсордун жардамында кантип маалымат чогултса болору тууралуу да сүйлөшөбүз.
Google`дагы кеңейтилген издөө
Интернетте көптөгөн маалымат булактары бар. Керектүү маалыматты онлайн табуунун ыңгайлуу жолу – Google`да кеңейтилген издөөнү колдонуу.
1. Google`да кеңейтилген издөөнү ачыңыз: https://www.google.com/advanced_search.
2. Экранда бир нече издөө тилкелери пайда болот.
3. Төмөндөгү таблицаны колдонуңуз: анда Google`дагы кеңейтилген издөөнүн ар кандай жолдору көрсөтүлгөн. Сол жакта кеңейтилген издөөдөгү ар кандай тилкелер сүрөттөлгөн. Оң жакта ошол тилкелердин кадимки издөө сапчасындагы эквиваленти.
Google`да кеңейтилген издөө мүмкүнчүлүктөрү |
Кадимки издөөдөгү альтернативдүү жолдор |
Сөздөр менен – Google`да кадимкидей издөө сыяктуу эле иштейт | Кадимки издөө сапчасына тапкыңыз келген сөздөрдүн баарын жазыңыз |
Сөз айкаштары менен — сөздөр так сиз көрсөткөндөй тартипте жайгашкан маалыматтарды табууга жардам берет | Тырнакчаны колдонуңуз, мисалы:
“Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги” |
Ушул сөздөрдүн бирөөсү менен — сиз киргизген сөздөрдүн ар бири кезиккен жыйынтыктарды берет | Издеп жатканда сөздөрдүн ортосунда OR колдонуңуз: айыл чарба OR дыйканчылык OR түшүм |
Сөзсүз — издөө жыйынтыктарында сиз көрсөткөн сөздөр кезикпегендей кылып иргеп салат | Издөө жыйынтыктарынан сиз алып салгыңыз келген сөздүн алдына «минус» белгисин коюңуз: Кыргызстан -туризм |
(Тилде) издөө — тандалган тилдеги жыйынтыктарды берет | – |
Өлкө — жыйынтыктарды анык бир географиялык облустардагы сайттарга чейин чектей алат | – |
Жаңылануу датасы —жыйынтыктарды жарыяланган күнүнө карап чектейт | – |
Сайт же домен — анык бир сайтта издөө | Издөө үчүн ушул форматты колдонуңуз – site:url. Мисалы: site:http://www.who.int/ или site:who.int |
Файлдардын форматы — анык бир форматтагы файлдарды издөө (мисалы: xls жана csv форматындагы таблицалар, pdf форматындагы отчеттор , doc форматындагы документтер) | Издөө үчүн ушул форматты колдонуңуз – filetype:[расширение]. Мисалы, XLS тибиндеги файларды мынтип тапса болот: ТУУРА. filetype: xls ТУУРА ЭМЕС. filetype:Excel |
Тапшырма: Google`да өзүңүз кеңейтилген издөө жасап көрүңүз
- Сиздин аймактагы чала тоюу, ачарчылык, арыктоо боюнча материалдарды табуу үчүн “ушул сөздөрдүн кайсынысы болбосун бирөөсү менен” функциясын колдонуп табыңыз.
- “сөзсүз”функциясын колдонуп, чала тоюу тууралуу маалыматты издеңиз, бирок балдарга тиешелүү эмес маалыматтарды.
- Сасык тумоого байланыштуу маалыматтарды украин тилинде гана табыңыз.
- Сасык тумоо тууралуу маалыматтарды Кыргызстандын сайттарынан гана табыңыз.
- Сасык тумоо тууралуу акыркы аптадагы маалыматтарды табыңыз.
- Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтынан Excel форматындагы файлдарды табыңыз.
- Кыргызстандагы энелердин саламаттыгы боюнча PDF-документтерин табыңыз.
Тапшырма: Google`дагы издөө сапчасын жана ачкыч сөздөрдү колдонуп таап көрүңүз.
- Орто билим тууралуу PDF форматындагы отчетторду.
- ЮНИСЕФтин веб-сайтынан сиздин аймагыңыздагы эмдөө тууралуу PDF форматындагы отчетту табыңыз.
- tradingeconomics.com сайтынан Кыргызстандын экспортунун жылдык көлөмүн.
- Кыргызстандык мигранттар тууралуу маалыматтар камтылган Excel файлын.
- Акыркы 20 жылдагы өлкөдөгү инфляция.