Маалыматты текшерүү
Сабактын кычкача мазмуну: бул сабактан сиздер колуңуздагы маалыматтарга ишенүү үчүн кайсы суроолорго жооп беришиңиз керектигин билесиз.
Биз расмий документтерге ишенип көнүп калганбыз (өзгөчө сандарга). Бирок дата маалыматтарда деле атайылап же капыстан кетирилген каталар болот. Бул сабакта биз маалыматты жана анын булагын баалоого жардам бере турган суроолорду беребиз.
Маалыматтын сапатын текшерүү үчүн классикага айланган журналисттик алты суроого жооп берүүңүз керек. Англисче 5W and 1H деп аталып жүрөт.
Who? Ким?
Бул маалыматты кайсы уюм чогултту жана/же жарыялады? Ал уюмга ишенесизби? Уюм маалыматтын ишенимдүү булагыбы?
Бидин маалымат Улуттук статистикалык комитет 2007-жылы жарыялаган «Кыргыз Республикасындагы калктын жашоо деңгээли 2012 – 2016» деген отчеттон алынды.
What? Эмне?
Маалымат топтому эмнени өлчөп жатат? Ошол өлчөө акылга сыйарлыкпы? Көрсөткүчтөр түшүнүктүүбү?
Биздин алдыбызда «Заболеваемость населения инфекционными и паразитарными болезнями» таблицасы турат. Бул бардык оорулардын эмес, жугуштуу дарттардын гана тизмеси. Демек, биздин материал ушул оорулар тууралуу гана болушу мүмкүн. Ошондой эле бул бардык жугуштуу оорулар эмес, таблицага кирген гана инфекциялар экенин да эстен чыгарбоо керек.
Where? Кайда?
Бул маалыматтар кайдан чогултулду? Алар бир эле аймактан жыйналганбы же бүт өлкө аймактарынанбы?
Биз бүт Кыргыз Республикасынан жыйналган маалыматтар менен иштеп жатабыз. Алар аймактарга ажыратылган эмес, демек биз өлкө боюнча динамика тууралуу гана айта алабыз.
When? Качан?
Маалымат топтому кайсы убакытты өзүнө камтыйт?
Таблицада 2012-2016-жылдар алагындагы оорунун динамикасы көрсөтүлгөн. Демек, биз дал ошол беш жыл ичинде канчалык өзгөрүлгөнүн карай алабыз.
Why? Эмне үчүн?
Маалымат кандай максатта чогултулган?
Маалымат ар бир дарыгер ооруну каттаганда чогултулган. Бул жерде сандар атайылап көбөйтүлүп же азайтылып коюлган жокпу? Ушуну эстен чыгарбоо керек.
How? Кантип?
Бул эң маанилүү жана оор суроо.
Маалымат чогултуунун методологиясы кандай? Уюм маалымат чогултууну өз алдынча жүргүзгөнбү же бул максатка башка компанияны тартканбы? Кызматкерлери атайын окуудан өткөнбү? Бул маалыматтар чын эле чогултулганбы же анча чоң эмес ылганып алынган изилдөө менен эле жалпы жыйынтык чыгарылып жатабы? Маалыматтын так эместиги же жол коюлушу мүмкүн болгон катачылыктар тууралуу эмне айтылган? Бул маалымат кайсы демографиялык топторду камтыган?
Бул суроолого өзүңүз жооп берүүгө аракет кылып көрүңүз.
Эсиңизде болсун: эгер сиз окшош маалыматтарды бириктирип же салыштырганы жатсаңыз, алар бирдей методологияда жыйналганын текшериңиз. Ошондой эле бир эле маалыматты эки башка булактан карап, салыштырсаңыз болот. Мисалы, мамлекеттик эмеc же эл аралык булактардан.