Датасетти уюштуруу
Сабактын кыскача мазмуну: Бул сабактан сиз таблицаны андан аркы иш үчүн кантип уюштуруу керек экенин үйрөнөсүз.
Дата маалымат менен иштөөдө бир нече маанилүү эрежелер бар:
- түп нускада эмес, көчүрмөсүндө гана иштөө
- сиздин датасет тууралуу мета маалыматтарды өзүнчө баракчага жазуу
Excelде маалыматтын көчүрмөсүн төмөндөгүдөй жол менен жасаса болот:
«Лист 1ге» курсорду алып барасыз, чычканчанын оң баскычын басасыз, менюдан «Переместить или скопировать» тандаңыз, анан «переместить в конец», «создать копию» жана «Ок». Ушундай жол менен сиз таблицанын көчүрмөсүн башка баракчага түзүп аласыз.
Барактын аталышына эки жолу бассаңыз, анын атын өзгөрүүгө жол ачылат. Түп нуска таблицаны «Оригинал», а көчүрмөнү – «Копия» деңиз.
Баракчалар сапчасында «+» басып, жаңы барак түптөңүз, аны “Мета” деп атаңыз. Аны таблицанын башына жылдырыңыз.
Мета маалыматтар камтылган баракчага эмнелерди жазуу керек?
Сиздин таблицада кандай маалымат бар экенин көрсөткөн негизги жагдайлар метага жазылат. Биз бул таблицаны чоң отчеттон алганбыз, бирок азыр аны менен өзүнчө файл катары иштеп жатканыбыз эсиңизде болсун. Ошого карабай биз файлды башкалар менен комбинация кыла алабыз, кесиптештерибизге жибере алабыз жана аудиторияга колдонууга бере алабыз.
Анан да сиз таблицага убакыт өткөндөн кийин кайра келгениңизде мета маалымат өзгөчө керек болот? Бул үчүн мета баракчаңыз маалыматтын кайда келгени жана ага канчалык ишенсе болору тууралуу суроолорго жооп бериши шарт.
Кеминде төмөндөгү төрт пункт болушу керек:
- Сиздин маалымат эмне тууралуу – бул таблицанын аталышы болушу мүмкүн. Бирок ага убакыт жана аймак боюнча көрсөткүчтөрү кошулса жакшы болот. Биздин учурда «Заболеваемость населения инфекционными и паразитарными болезнями, 2012-2016, КР».
- Ушул дата камтылган маалымат базасы же басылма жана ага шилтеме. «Уровень жизни населения Кыргызской Республики 2012-2016, Бишкек, 2017» деп жазабыз да шилтемени кошобуз.
- Ушул басылма үчүн жооптуу адамдардын байланыш номурлары. Ал байланышуу жолдорун ошол эле Улуттук статистикалык комитеттин сайтынан “Байланыш” деген бөлүмдөн табасыз. Ошол жактан байланыш маалыматтарын көчүрүп мета баракчаңызга кошуңуз.
- Сиз таблицаны көчүрүп алган күн. Бул маалыматты сактаган күндү күбөлөндүрүп калуу үчүн өтө маанилүү. Маалыматтар жаңыланып, өзгөрүп, ал тургай таптакыр жоголуп кетиши мүмкүн. Ал эми сиз суроо-талап боюнча алган маалымат кийин эскирип же четке кагылышы мүмкүн. Ай-күнүн белгилөө менен сиз келечекте түшүнбөөчүлүктөрдүн алдын аласыз.
- Мета баракчаңыз болжолдуу ушундай үлгүдө болушу керек:
Ушу эле баракчага бардык эскертмелерди, кыскартылган сөздөрдү, аныктамаларды жана мындан ары жасалчу маалыматты тазалоо, анализдөө жараянында пайда болгон ой, белгилерди жазсаңыз болот.