Дата жана ачык дата деген эмне?
Сабактын кыскача мазмуну: Бул сабак – дата дүйнөсүнө кыскача киришүү. Курс негизги түшүнүк жана даталардын ар кандай түрлөрүн камтыйт.
Даталардын жардамында бизди курчагандын баарын сүрөттөсө болот. Бирок бул эмнени билдирет? Дата – кайсы бир предметке байланган маани. Мисалы, төмөндөгү сүрөттөгү идиштерге салынган балды алалы.
Бул тууралуу эмнени айта алабыз? Эгер бал сатылат десек, анда алгач эле оюбузга анын баасы келет. Бирок дагы башка маани бар.
Алсак, бал ар кандай сортто болот, бул да бизге көп маалымат берет. Сезон деген болот, өндүрүлгөн жай, салмагы, саны жана сапаты бар. Ушунун баары – даталар.
Жогорудагы мисалдан биз даталардын ар кандай түрлөрү болорун көрдүк. Негизги эки категория деп сандык жана сапаттык даталар эсептелет.
- Сапаттык даталар деп кайсы бир нерсенин сапатына байланыштуунун баарын айтабыз: түс, куралышы, категорияга бириктирсе боло турган жана башка белгилери.
- Сандык даталар – сан менен берилген маалыматтар. Мисалы, балдын салмагы, идиштердин саны ж.б.
Даталар чогултулуп, структурага салынган болсо иштөө жеңилдейт. Келгиле муну төмөндөгү таблицада жасап көрөлү.
Тапшырма: Акыркы мамычада дата сапаттык же сандыкпы?
Түс | Ак | Сапаттык |
Сорт | Тоонуку | ? |
Банкадагы салмагы 0,5 литр | 750 грамм | Сандык |
Өндүрүлгөн жери | Кыргызстан, Ат-Башы | ? |
Баасы | Банкасына 200 сом | ? |
Бирок өз-өзүнчө турган бул көрсөткүчтөр бизге пайда алып келбейт. Даталардан маалымат чыгарыш үчүн аны чечмелөө керек.
Келгиле салмакты алып көрөлү: жарым литрлик банка 750 грамм экени бизге анча көп нерсени айтпайт. Бирок биз бир банканын салмагы жана көлөмүн башкасы менен салыштырганда мунун мааниси бар. Мисалы, жарым литр бал 700 граммга барабар деген маалыматты тапса болот. Демек, биз балдын салмагы нормага ылайык экенин билдик. Ушунун өзү маалымат. Бирок бул билим эмес. Билим маалымат изилденгенде, анализденгенде жана кандайдыр бир жыйынтыкка алып келгенде жаралат.
Ачык дата маалымат деген эмне?
“Ким болбосун жана кандай максатта болбосун ачык даталарды эркин колдонуп, өзгөртүп жана тарата алат.”
Ачык дата боюнча эл аралык деңгээлде кабылданган бул аныктама ачык даталардын маани-маңызын болушунча кыска кылып берет. Колдонуу, өзгөртүү жана таратуу – бул үч критерий аркылуу даталар ачык деп эсептелинет.
Даталар интернетте жеткиликтүү болсо аларды колдонууга болот. Даталарды өзгөртүүгө болот, эгер алар өзгөртүүгө мүмкүн болгон форматта берилсе жана даталарды ким болбосун, кандай максатта болбосун тарата алат, эгер аларга автордук укук бекитилбеген болсо.
Ушинтип, үч шарттын баары тең чындап келгенде техникалык мүнөзгө ээ – даталардын жарыяланышы, форматы жана лицензиясы алардын ачыктыгын аныктайт. Ачык-айкындуулук идеологиясы жана ачык даталар үчүн кыймыл эмне үчүн башталганын билесизби? Анткени бул даталарды чогултууга жарандар салык төлөөчү катары акча төлөшкөн, демек, алар ошол дата маалыматтар жарандарга эч кандай тоскоолдуксуз жеткиликтүү болушу керек. Бул адамдын башка фундаменталдык укуктарындай эле укугу.
Ачык даталар тууралуу кенен маалымат бул жакта жана бул жакта.