Дата маалыматарды анализдөөнүн негизги жолдору, 2-бөлүк
Сабактын кыскача мазмуну: маалыматты анализдөөнүн негизги ыкмаларынын уландысы. Бул сабакта биз пайыздык өсүүнү санаганды үйрөнөбүз.
Өткөн сабакта биз оорулардын 5 жылдагы суммасын жана орток маанисин эсептедик. Бул таблицадан биз дагы эмнелерди билүүгө кызыкдарбыз?
- Оорулар кайсы жылы көп катталган?
- Бул беш жыл аралыгында кайсы дарттын учурлары өскөн, а кайсынысы азайган?
- Сан жагынан кайсы оору эң көп өскөн?
Оорунун өтө көп катталышы – бул нормадан чектеп кетиши. Дарттын адаттан тыш көп жүз берген учурларын табыш үчүн алгач “норманы”, башкача айтканда, бизди таң калтырбай турган көрсөткүчтү эсептешибиз керек. Биз муну өткөн сабакта бир аз жасап көргөнбүз: беш жылдагы орточо маани – норма деп кабылданат, а эгер сиздин көрсөткүч ошол нормадан чоң болсо, анда бул оору менен адаттагыдан көбүрөк ооруп жатышкан болот.
2016-жылдагы көрсөткүч орток көрсөткүчтөн чоң экенин кантип көрүүгө болот? Жөн эле айырмасын табуу керек:
Жогорку дем алуу жолдорунун курч инфекциялары үчүн бул 261 366 – 185 335, башкача айтканда, 76 миңге көп. Бирок айырманы эсептөө бизге ооруларды өз ара салыштырууга мүмкүндүк бербейт. Мисалы, сасык тумоо көрсөткүтөрү абсолюттук мааниде 613 учурга гана өскөн, бирок бул ар бир жыл үчүн орточо 1098 учурга 2016-жылдагы 1711 учурду салыштырганда. Айырмасын сезип жатасызбы?
Бул айырманы биз сан менен кантип бере алабыз?
Бул үчүн 2016-жылдагы көрсөткүч орток көрсөткүчтөн канча эсе көп же аз экенин эсептөө керек. Ошондо биз ар кайсы оорулар боюнча жыйынтыктарды өз ара салыштыра алабыз.
Бул үчүн биз 2016-жылдагы көрсөткүчтү орток мааниге бөлүшүбүз керек. I2 уячасына ушул формуланы жазыңыз: =F2/H2
Тилкени «2016/СРЗНАЧ» деп атаңыз. Формуланы тилкеден ылдый карай көчүрүңүз, фильтр коюңуз, маанилерди чоңдон кичинесине карай иргеңиз, 2016-жылы кайсы оорулар нормадан айырмаланган.
2016-жылдагы маанилерди нормага бөлгөндөн кийин биз бул жылы өпкө жана тамак инфекциялары менен адаттагыдан 1,4 эсеге көп оорушкан деп айта алабыз. Көрдүңүзбү, эми таптакыр башка жагдай ачылды.
Тапшырма: ушундай эле формула менен 2015-жылдын көрсөткүчтөрүн орток маани менен салыштырып, окуяны табыңыз. Окуя эмнеде?
Келгиле, эми ушул беш жыл аралыгында кайсы оорулардын учурлары өскөнүн, а кайсылары азайганын эсептеп көрөлү.
Бул үчүн өсүү темпи менен өсүшүү темпинин формулаларын карап чыгалы. Өсүү темпи – бул азыркы чоңдуктун базалык чоңдукка катышы. Ал пайызда көрсөтүлөт жана нөлдөн кичине болбойт. Мисалы, 100%дык өсүү темпи көрсөткүч өзгөрбөдү дегенди түшүндүрөт.
J2 уячасына безгектин (малярия) өсүү темпинин формуласын жазалы. Базалык жыл үчүн 2012ни алалы. Формула мындай болот:
=F2/B2
Тилкени “өсүү темпи” деп атаңыз, формуланы тилкеден ылдый карай көчүрүңүз. Башкы меню сапчасынан «%» белгисине басып, көрскөткүчтөрдү пайыздык форматка өткөрүңүз.
Сандарды чоңунан кичинесине карай иргеңиз. Эмне болду? Кызылча (корь) анализден түшүп калды, анткени 2012-жылы бул дарт катталган эмес – 0. Педикулез менен көк жөтөл (коклюш) боюнча көртсөткүчтөр 3 эседен ашып кеткен, башкача айтканда, 316 жана 310 пайызга.
Тизменин аягын караңыз. Сальмонеллёз инфекцияларынын өсүү темпи – 30%. Беш жылда бул оорунун көрсөткүчтөрү өскөнбү же түшкөнбү?
100%дан аз маанилер көрсөткүч өспөй эле азайганын көрсөтөт. Көрсөткүч канчага азайганын дароо эсептеш үчүн өсүшүү темпинин (темп прироста) формуласы колдонулат. Бул мурдагы менен азыркынын ортосундагы айырма. Формула “Өсүү темпи – 1” катары эсептелет. Өсүшүү темпи да %да берилет, бирок дайым эле 0дөн чоң эмес. 100% өсүшүү темпи көрсөткүч эки эсе өскөнүн билдирет.
K3 уячасына педикулез үчүн формуланы жазалы:
=F3/B3-1
Формуланы тилкеден ылдый карай көчүрөбүз, %дык форматка өткөрөбүз, тилкеге ат беребиз жана бул жолу көркөткүчтөрдү кичинесинен чоңуна карай иргейбиз. Өсүшүү темпи 0дөн кичине ооруларга көңүл буруңуз. Бул оору азайганын түшүндүрөт. Мынакей сиздин материалыңыз үчүн дагы бир окуя.