Дата маалыматтар кимдин колунда?
Сабактын кыскача мазмуну: Бул сабакта биз жеке маалыматтар жана data ownership түшүнүгү же датага ээлик кылуу боюнча сүйлөшөбүз.
Эрежеге ылайык, эки жагдай ачык даталарга кошулбайт – жеке жашоону коргоо тууралуу мыйзам менен корголгон персоналдык маалыматтар жана улуттук коопсуздук боюнча даталар, аларды ачыктоо мамлекетти коркунучка кептеп коюшу ыктымал.
Ошентсе да өзүндө жеке маалыматты камтыган даталар ачыкталышы мүмкүн, бирок мындайда анык бир адамдар боюнча маалымат жашырылат, башкача айтканда, анык бир адамдар идентификацияланбайт. Мындай маалыматты берүүнүн дагы бир жолу – жалпылаштырылган даталар, башкача айтканда, ар бир адам боюнча эмес, жалпылаштырылган даталар.
Менин маалыматтарым
Мен тууралуу маалыматка ким ээлик кылат, ким көзөмөлдөйт жана ал кимге жеткиликтүү? Өзүм тууралуу маалыматтын көчүрмөсүн колдонуп-тарата ала турган форматта ала аламбы? Ушул даталардан өзүмө пайда таба аламбы? Өзүм тууралуу айрым бир даталарды ачык жарыялай аламбы?
Ачык дата маалымат менен менин маалыматтарымдын кесилиши
- Менин маалыматтарым жарыялоо аркылуу ачык датага айланат: ачык же ачык болушу мүмкүн болгон маанилүү маалыматтардын топтому жеке маалыматтарды иргөө, анонимдештирүү жана башка ыкмалар аркылуу ачык датага айланат. Статискалык маалыматтардын көпчүлүк бөлүгү – бул сурамжылоолор же анык бир адамдар тууралуу статистика. Мында акыркы жыйынтыктар топтор ( мисалы, эл каттоо же төрөлүү боюнча статистика) боюнча иргелет.
- Менин маалыматтарым (менин каалоом боюнча) ачык болуп калат: кээде айрым адамдар башкаларга жакшылык кылыш үчүн жеке маалыматтары менен бөлүшөт. Онкологиялык дарт менен жабыркаган бейтап өз оорусунун баянын шишикти дарылоо ыкмаларын табууга жардам болсун деген ниетте бөлүшүүсү мүмкүн.
Тандоо укугу: эгер бул менин маалыматтарым болсо, анда ошол маалыматтар мага жеткиликтүү болуп, аны колдонуп, бөлүшүп, ачыктаганга укугум болушу керек. Эгер ачык маалыматтар баары үчүн ачык болсо, анда менин жеке маалыматтарым мен үчүн ачык болушу керек.
Ошентип, жеке маалыматтар – маанилүү маалымат булагы экенин түшүндүк. Бирок анонимдештирүү жана иргөө жеткиликтүү деңгээлде сыр сактоого жол бербей жатса, анда ачык дата активисттери тобокелдикти аңдап-жетиши өтө маанилүү. Мындан да маанилүүсү – жеке маалыматтарды коргоо үчүн кандай чечимдер болушу керектигин, ушул маалыматтарды жарыялоочу тараптарга кандай ресурстар керек болорун өкмөт аныкташы керек. Жеке жашоонун кол тийбестиги менен коомдун жыргалчылыгы үчүн ачык маалыматтарды колдонуу деген эки түшүнүктүн ортосундагы чек кайсы жерден өтөрүн так түшүнүү абдан маанилүү.