Маалымат алууга суроо-талап
Сабактын кыскача мазмуну: Бул сабактан сиз мамлекеттик органдарга маалымат алуу үчүн кантип туура суроо-талап жазуу керектигин билесиз.
– Эгер сиз издеген маалыматтар ачык булактарда жок болсо, анда аны суроо-талап жазуу аркылуу алууга болот. Бул маалыматка жетүү тууралуу суроо-талап деп аталат. Бул ушул өлкөнүн жараны катары сиздин укугуңуз. Айрым өлкөлөрдө бул мыйзам менен бекилген эмес жана ал жактарда маалыматка жетүү үчүн күрөш жүрүп жатат. Бирок Кыргызстанда маалыматка жетүү тууралуу мыйзам бар, ал 2006-жылдан бери иштейт. Ошол укуктан туура пайдалануу үчүн биз журналист катары ал документти жакшы билишибиз керек. Кандай ойлойсуздар, бул мыйзам кимдерге тиешелүү? Башкача айтканда, ким маалымат алууга суроо-талап менен кайрыла алат?
– Уюмдар, журналдар, редакциялар.
– Ооба, эгер сиз кайсы бир редакцияда иштесеңиз, ошол уюмдун атайын баракчасында суроо-талап жиберсеңиз, сиз маалыматты батыраак аласыз деген кепилдик болушу мүмкүн. Бирок өлкөнүн ар бир жараны суроо-талап жөнөтө алат жана маалымат алуу акысыз. Бир-эки жагдайлар бар, мисалы маалыматты көчүрүп бериш керек болсо, ошол көчүрүү кызматы үчүн сизден акча алынышы мүмкүн.
Бул мыйзамда кандай чектөөлөр бар деп ойлойсуздар?
– Жеке маалыматтар – адамдардын IDси, сериялык номурлары. Мамлекеттик сырлар. Кирешелер.
– Кирешеде бир аз тактай кетчү жагдай бар – жеке адамдардын кирешелериби же чиновниктердинби? Компаниялардын тигил же бул убакыт аралыгында канча салык төккөнүн билсек болот.
Негизи мамлекет коргоого алган жана чектөө коюлган эки топотогу маалыматтар бар: жеке мүнөздөгү бардык маалыматтар жана мамлекеттик сырларга байланышкан же ыкчам-изилдөө иштерине, улуттук коопсуздукка байланышкан маалыматтар. Бирок бир нерсени түшүнүшүңүздөр керек – эгер сиздин суроо-талапка маалымат берүүдөн баш тарткан жооп келсе жана себебин бул жеке мүнөздөгү маалымат деп түшүндүрүшсө, сиз талашып-тартыша аласыз.
Элестетип көрөлү, сиз окуу жайга канча бүтүрүүчү тапшырганы боюнча маалымат сурап кайрылдыңыз дейли, а сизге “бул жеке маалымат, андыктан жарыяланбайт” деген жооп келди. Сиздин кадам кандай болушу мүмкүн?
– Мыйзамдарга таянсак болот, биз сурап жаткан маалымат сыр сакталышы керек делген категорияга кирбей турганын түшүндүрөбүз.
– Ооба. Эгерде министрликтеги бутүрүүчүлөр боюнча dataset`те жеке маалыматтар бар болгон болсо, биз ошол жеке маалыматтарды өчурүп коюп, негизги маалыматты беришин сурансак болот. Башкача айтканда, анонимдештиришет да, сизге жынысы, жаш курагы, аймагы тууралуу маалыматты берсе болот. бул анализдөөгө жетиштүү. Сизге бүтүрүүчүлөрдүн аты-жөнү, жеке номурлары керек эмес.
Келгиле, эми дагы бир жагдайды ойлонуп көрөлү. Сиз суроо-талапты кандай формада жибересиз? Оозеки, жазуу, телефондо чаласыз же факс аркылуу же дагы башка жолдор.
– Жазуу түрүндө.
– Эмне үчүн?
– Биздин суроо-талап жибергенибиздин далили болуп калат.
– Ооба. Бирок алдын ала чалып коюңуз деп кеңеш беребиз. Биринчиден, сиз кимдин атына суроо-талап жазыш керектигин тактайсыз. Же ошол статистиканы топтогон бөлүмгө кайрылып, кайсы категорияларда маалыматты топтошорун тактап аласыз. Балким, аларда сиз сурагандан да көбүрөөк маалымат болушу мүмкүн. Башкача айтканда, ошол маалымат кандай методология менен чогултуларын тактап аласыз. Андан кийин гана маалыматты жазуу түрүндө сурайсыз.
– Суроо-талап кандай жазылышы керек? Анда эмнелер көрсөтүлүшү керек?
– Сага кандай маалымат жана эмне үчүн керектигин, өз аты-жөнүңдү, байланышуу жолдорун көрсөтүү зарыл.
– Суралган маалыматтын форматын көрсөтсөк болот. Дагычы?
– Методологиясын. Маалымат кантип чогултулду?
– Кандай индикаторлор, кайсы убакыт аралыгындагы маалымат сага керек. Формат сөзсүз түрдө.
– Күчтүү жана алсыз суроо-талаптын ортосунда айырма бар. Башкача айтканда, мен Кыргызстандагы энелердин өлүмү боюнча маалымат бериңиз десем, алар “76” деген санды берип коюушу мүмкүн. Бул алардын жообу болот жана канааттандырарлык деп эсептелет. Толугураак маалыматты алыш үчүн суроо-талапты кантип күчтөндүрсөк болот?
– Аймактар, жылдар, аялдардын жаш курагы…
– Туура. Эң жакшысы алдын ала адис менен байланышып, энелердин өлүмү кантип катталарын тактап алган оң. Иликтөөчү-журналист катары энелердин өлүмүнүн себеби кызык болот. А маалымат алууга канча убакыт кетет деп ойлойсуздар?
– Бир апта же бир нече апта. Бул иш күндөрүнүн санынан жана суралып жаткан маалыматтын көлөмүнөн көз каранды. Эгер мамлекеттик мекемелер болсо, жооп кайтарууга минималдык мөөнөттөр бекитилген болушу керек.
– Мыйзам боюнча бул мөөнөт – эки апта. Эки апта аралыгында сизге кандайдыр бир жооп келиши керек.
Эгер “бул маалыматты биз эмес, башка министрлик чогултат деген жооп келип, суроо-талапты ошол жакка жиберебиз” дешсе, анда баягы эки апта кайра башынан саналат. Демек, сиздин милдет – сиз суроо-талап жиберип жаткан мекеме керектүү маалыматты чогултарын башынан тактап алуу. Дагы бир жагдай – суроо-талапты жибергенден кийин ошол мекемеге чалып, катыңыздын каттоо номерин тактап аласыз. Кийинки кат алышууларда сиз ошол номурга шилтеме берип турасыз.