Фильтр коебуз
Сабактын кыскача мазмуну: Бул модулдан сиз “сортировка” жана “фильтр” функциялары эмне үчүн колдонуларын билесиз.
Таблицадагы маалыматтарды ар кандай жолдор менен анализдесе болот: сиз орток маанини издешиңиз мүмкүн, пайыздык өсүүнү эсептеп, графика түзө аласыз. Бирок анализдөөнүн эң жөнөкөй жолу – бул иргөө (сортировка), ал тилкелерден эң чоң жана кичине маанилерди табууга мүмкүндүк берет.
Биздин таблицадагы тилкерлерди карайлы. Бизде оорулардын жылдар боюнча көрсөткүчтөрү бар. Иргөө жолу менен 2016-жылдагы дарт катталган учурларды алалы. Мурдагыдай эле Эксель программасында иштейбиз.
- Таблицадагы биринчи сапты тандаңыз. Саптын номуру болгон 1 санын басыңыз.
- «Сортировка и фильтр» менюсунда “фильтр” басыңыз.
Эми сиз биринчи сапта тилке аталыштарынын жанынан үч бурчтуктарды көрө аласыз.
Оорунун аталыштарынын жанындагы үч бурчтукка басыңыз. Алфавит боюнча (“по возрастанию”) иргеңиз.
Сиз оорулардын аталыштары алфавит боюнча тизилип калганын көрөсүз. Текст менен катар сандык маанилер да иргелип калды: Эксель бир тилкедеги уячаларды гана эмес, бардык саптарды бүт бойдон иргейт.
2016-жылга өтөбүз, биринчи сапчадагы үч бурчтукка басабыз. Кемишине карап иргөө (сортировка по убыванию) функциясын тандайбыз.
Эң аз сандагы учурларды алып салса болот – 1,6. Көк төрт бурчтуктарга басып, ушул маанилердеги белгилерди (галочка) алып салыңыз.
Сиз маалыматтарыңызды ийгиликтүү тазалап алдыңыз.
Андан ары фильтрлер менен иштеп көрсө болот – маалыматтар өчпөйт, алар жөн эле көрүнбөй калат.
Тапшырма: 2012-жылы жогорку дем алуу жолдорунун курч инфекциясынан сырткары кайсы оору эң көп катталган? 2016-жылы абал өзгөргөнбү?